16 апрель 2025

Кароолор: 14

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШУ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев иш сапары менен Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында , мамлекеттик турак жай программаларынын аткарылышы жана Нарын шаарында курула турган ири инвестициялык долбоордун даярдыгы менен таанышты.

Кочкор айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Менин үйүм 2021–2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай объектилерин көрүп чыкты. Бул жерде 5 кабаттуу, 8 блоктон турган көп батирлүү үйлөр курулууда. Жалпысынан 217 батир курулат, алардын жалпы аянты 14 328,4 чарчы метрди түзөт.

Нарын шаарында Адылбек Касымалиев ушул эле программа боюнча курулуп жаткан 4 блоктон турган 9 кабаттуу турак жайлардын курулушу менен таанышты. Бул комплексте 216 батир жайгашмакчы. Курулуш 9 412 чарчы метрди камтыйт.

Белгилей кетсек, аталган курулушта бетондун жетишсиздигине жана сапатынын талаптарга жооп бербегенине байланыштуу белгилүү бир кечигүүлөр орун алган. Бул боюнча атайын  кызмат тарабынан өз убагында аныкталып, тиешелүү оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган турак жай комплексин курууга каражаттар облустук "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан курулуш компаниясына бөлүнгөн.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Нарын шаарында чет элдик инвесторлордун катышуусунда ишке ашырылуучу «Теңир-Тоо Сити» инвестициялык долбооруна даярдыктын жүрүшү менен да таанышты. Долбоордун алкагында 10 кабаттуу турак жай 9 блоктон туруп, 413 батир, андан тышкары мамлекеттик мекемелер үчүн имарат, соода борбору, жер алдында 290 жана сыртка 120 унаа токтотуучу жайлары курулат. Курулушту эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Курулуш компаниясынын өкүлдөрү белгилегендей, жергиликтүү мамлекеттик органдар инвесторлорго бардык жактан колдоо көрсөтүүдө, бул болсо долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна өбөлгө болууда.

Иш сапардын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана региондук инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.