16 апрель 2025
Кароолор: 12
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ А. КАСЫМАЛИЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН НАРЫН ОБЛУСУНДА БОЛДУ

2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусунда иш сапары менен болду.
Иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Нарын облусунун Кочкор, Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Бүк участогунда жана Нарын шаарында жүрүп жаткан ири курулуш жана өнүктүрүү долбоорлору менен таанышып чыкты.
Кочкор айылында жаңы автобекеттин жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан салынып жаткан турак жайлардын курулуш иштерин жеринде көрдү. Бул объектилер боюнча тиешелүү жетекчилер долбоордун жүрүшү, материалдык-техникалык камсыздоосу жана ишке кирүү мөөнөттөрү тууралуу маалымат беришти.
Андан соң, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагындагы Кара-Бүк участогунда жайгашкан субпродукт чыгаруучу ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.
Нарын шаарындагы сапар учурунда “Тянь-Шань сити” көп кабаттуу турак жай комплекси, “Кур-Терек” индустриалдык паркында салынуучу унаа куруу заводунун долбоору, шаар ички жолдорунун жана Нарын-Баетов жолунун курулушу, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан жаңы турак үйлөрдүн курулушу менен таанышты.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Нарын аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштери менен таанышып, аба транспортун өнүктүрүү боюнча пландарды укту.
Иш сапардын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү, ошондой эле региондун өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.