28 март 2024

Кароолор: 12

Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров Нарын облусунда

28-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы - КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен келди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы алгач Нарын районунда курулуп жаткан Куланак ГЭСинин курулуш иши менен таанышты.

Учурда Куланак ГЭСинде курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭС курулуп бүтсө өлкөнүн электр энергияга болгон муктаждыгы 18 пайызга чечилет. Бүгүнкү күндө 30 пайыздык жумуштар аяктады.

Мындан соң Акылбек Жапаров Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагынын “Ак-Улак” участкасында болуп, "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Миң-Куш" филиалы жана "Шанси Коал Инвестмент" компаниясы жүргүзүп жаткан көмүр өндүрүү ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын кийинки сапары “Кара-Кече” көмүр кесиминде улантылып,

электрондук кезектин иштөө абалы менен жеринде таанышты. Бул жерде мурдагыдай жумалап кезек күтпөй, иш ыргагы санариптештирилген.

"Кара - Кечеде болгон учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кеченин башынан агып түшкөн Боз-Айгыр суусун бөгөп калган өндүрүш таштандыларын тазалоо иштеринин абалын көрдү. Бул боюнча өзү тапшырма берген. "Кара-Кече каналын тазалоо иштери жакын арада аяктайт. Аны менен 1,5га айдоо аянттарына суу жетет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келүүсү менен бул жерге БДР куруу маселеси дагы көтөрүлүп,тапшырмалар берилди.

Акылбек Жапаров иш сапарында "Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалына алынып келинген 27 техниканын ачкычтарын салтанаттуу тапшырды.

Министрлер Кабинетинин төрагасын КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, "Кыргыз-Көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сейиткожоев коштоп жүрдү.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.