10 май 2025
Кароолор: 14
МОСКВАДА ӨТКӨН ЖЕҢИШ ПАРАДЫНА НАРЫН ОБЛУСУНАН СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ КАТЫШТЫ
9-май күнү Москва шаарында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен расмий делегациялар чакырылып, алардын арасында Кыргыз Республикасы да болду.
Кыргызстандын атынан барган делегациянын курамында Нарын облусунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары да болду.
Облус боюнча бүгүнкү күндө арабыздагы жападан жалгыз ардагер Сатынды Жапаров ден соолугуна байланыштуу иш-чарага катыша алган жок. Бирок Москванын Кызыл аянтында өткөн тарыхый күндүн күбөсү болууга ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Парадды өз көзү менен көрүп, согуштун каарман катышуучуларына болгон ыраазычылыгын, урматын билдирүү максатында ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрү уюштуруучулар тарабынан атайын чакырылган.
Аларды коштоп баруу милдетин Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов өз жоопкерчилигине алган. Бул тууралуу облус башчы Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) берген маегинде маалымдады.
Бул тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.