14 март 2025

Кароолор: 26

МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ БОЮНЧА ОКУУ

Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын башчылары, бухгалтерлери жана тийиштүү кызматтардын адистери катышты.

Иш-чараны КРП Нарын обулсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров ачып, облустагы аймактык-территориалдык реформанын негизинде аткарылган иштерге жана 27 айыл аймагында түзүлгөн 27 муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Кириш сөз КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Зарина Насирдиновага берилип, андан соң эксперттер жана мекеме жетекчилер тийиштүү темалар боюнча маалымат беришти.

ЖӨБ Союзунун эксперти Гульнура Саякбаева “Муниципалдык ишкананын финансы-экономикалык негиздери” жөнүндө,  ЖӨБ Союзунун эксперти Адилет Кошманбетов “Муниципалдык ишканадагы сатып алууларды уюштуруу” жөнүндө маалыматтары менен бөлүштү.  

Ал эми Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиев “Таштанды чыгаруучу жайларды талапка ылайык уюштуруу” боюнча, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусундагы бөлүмүнүн башчысы Ниязбек Мойдинов “Кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү” боюнча, Нарын райондук финансы башкармалыгынын адиси Ишенбүбү Жунусалиева “Муниципалдык ишкананын киреше, чыгаша сматасын түзүү жөнүндө” , Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусундагы бөлүмүнүн адиси Бактыбек Орозобеков “Керектөөчүлөрдүн укугун колдоо” жөнүндө маалымат беришти. Семинардын жыйынтыгында адистер катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.