08 июль 2025
Кароолор: 4
МЫНДАН АРЫ ОБЛУС БАШЧЫСЫНА ОНЛАЙН КАЙРЫЛСАҢЫЗ БОЛОТ

Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук кабылдамасында жарандарды онлайн кабыл алууну түзүлгөн графикке ылайык уюштуруп жаткандыгын билдиребиз.
ШАРТТАРЫ:
1. Кайрылууңуз бар экенин айтып райондук мамлекеттик администрацияга барасыз!
2. Алар сизди каттайт жана төмөндө көрсөтүлгөн убакытта сизди ыйгарым укуктуу өкүл же анын орун басарлары менен онлайн байланыштырат.
Бул мүмкүнчүлүк Нарын облусунун алыскы аймактарында жашаган Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун жарандары үчүн түзүлдү.
ЭСКЕРТҮҮ:
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кабылдамасына кайрыла турган жарандарды кабыл алып, онлайн байланышты уюштуруп берүүгө милдеттүү.
ГРАФИК:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Нурбек Бейшеналиевич ар жуманын шаршемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сапарбеков Руслан Жайлообекович ар жуманын бейшемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат.
3 Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Иманалиева Айдана Керимбековна ар жуманын шейшемби күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат.