21 март 2026
Кароолор: 13
“НАМЫС” КОМАНДАСЫ ЧЕМПИОН

21-март күнү Чолпон-Ата шаарында "Нооруз" майрамына карата уюштурулган турнирде Нарын облусунан куралган "Намыс" командасы көк бөрү оюну боюнча тарыхта алгач ирет Жогорку Лиганын чемпиону аталды.
Бул маанилүү кабарды облус башчысы Нарын шаарында республикалык деңгээлде өтуп жаткан майрамдык концертте чоң сахнада кабарлап, жалпы теңиртоолуктарды куттуктады.
“Бүгүн бизде кош майрам орун алды. Республикалык деңгээлдеги Нооруз майрамы Нарында өтүп жатса, биздин “Намыс” командасы республикалык көк бөрү оюнунда алгачкы ирет баш байгени жеңип алды. Бул биз үчүн тарых”-деди, ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров.