27 февраль 2026
Кароолор: 11
НАРЫН “2025-ЖЫЛДЫН УЛУТТУК БРЕНДДЕРДИН СЫНАГЫНДА” “ЭҢ АКТИВДҮҮ ОБЛУС” НОМИНАЦИЯСЫН ЖЕҢИП АЛДЫ

27-февраль күнү өткөрүлгөн “2025-жылдын улуттук бренддердин сынагы” иш-чарасында Нарын облусу “Эң активдүү облус” номинациясын жеңип алды.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Japan International Cooperation Agency (JICA) тарабынан биргелешип уюштурулду.
Иш-чарага Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басар рангындагы аппарат жетекчиси Жылдызбек Беккелдиев катышты.
Эске салып өтсөк, “ЭҢ АКТИВДҮҮ ОБЛУС” көчмө кубогу (трофейи) Баткен облусунан Нарын облусуна расмий түрдө өткөрүлүп берилди.
Бул кубок көчмө болуп саналат жана жыл сайын эң активдүү деп табылган облуска өткөрүлүп берилет.