09 август 2025

Кароолор: 21

НАРЫН АЭРОПОРТУНДА ТЕХНИКАЛЫК ТЕКШЕРҮҮ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Бүгүн 9-августа, Нарын аэропортуна техникалык текшерүү максатында атайын учак келип конду. Аэропорттун абалы, инфраструктурасы жана конуу тилкесинин даярдыгы боюнча жүргүзүлгөн текшерүү ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Иш-чарага облус башчысы Нурбек Сатаров катышып, тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте аба майданынын ишке даярдыгын көрүп чыгышты.