08 сентябрь 2025

Кароолор: 17

НАРЫН АЭРОПОРТУНУН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫНА ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ САДЫР ЖАПАРОВ КАТЫШТЫ

Нарын районунун Кеңеш айылында жайгашкан “Нарын” аэропорту көп жылдык тыныгуудан кийин, бүгүн 8-сентябрда кайрадан ишке кирди.

Аэропорттун расмий ачылышына өлкө башчысы Садыр Жапаров катышып, тасмасын чечип, нарындыктарды бул маанилүү окуя менен куттуктады.

Мамлекет башчысы аймактык аэропорттордун кайра жанданышы өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү болорун айтып, инфраструктуралык өзгөрүүлөр эл аралык байланыштарды чыңдоого чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.