25 декабрь 2024
Кароолор: 35
“Нарын” бажы кызматынын кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 25-декабрында “Нарын” бажы кызматынын кесиптик майрамы белгиленди.
Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов катышып, бажы кызматы мамлекеттик аткаруу бийлигинин маанилүү органы гана эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелерин жана өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоону, бажы мыйзамдарын сактоону камсыздарын белгиледи.
"Бажы кызматы — экономикалык коопсуздугубуздун кепили. Бажы төлөмдөрүн топтоо менен бирге, контрабандага, бажы эрежелерин бузгандар менен каршы күрөшөт. Белгилей кетүүчү нерсе, өзүнүн жоопкерчилигинин чегинде Мамлекеттик бажы кызматы ошондой эле эл аралык терроризм, курал-жарак, баңгизат жана башка коркунучтуу товарлардын мыйзамсыз жүгүртүүлөрү боюнча маселелерди чечүүгө катышат".
Иш чаранын жүрүшүндө бир катар бажы кызматкерлеринин эмгеги белгиленип, сыйлыктар тапшырылды.
“Нарын” бажы кызматы 2024-жыл ичинде 400 млн 11 миң сом бажы төлөмүн жыйнап, план 104% аткарылды. Ал эми “Торугарт” бажы көзөмөл пункту аркылуу 77 миң 16 машина кирген. Былтыркы жылга салыштырмалуу машинанын саны 23 миң 517ге көп. “Нарын” бажы кызматында 120 кызматкер эмгектенет.