15 февраль 2024

Кароолор: 351

Нарын электр тармактар ишканасына 21 атайын техника берилди

2023-жыл ичинде Нарын электр тармактар ишканасына КР энергетика министирлиги тарабынан колдоо көргөзүлүп, жалпы суммасы 71 миллион 443 миң сомдук 21 атайын техника берилди.

Тактап айтканда, 8 бригадалык унаа, 3 эксковатор погрузчик, 4 кран манипулятор, 1 автовышка, 4 кызматтык унаа жана 1 жүк ташуучу унаа Нарын облусунун электр тармактарына бөлүнүп, иш ыргагын кыйла жеңилдетип койду.

Бүгүн, 15-февралда автоунаалар Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтка тизилип, кароодон өттү.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов автоунаалардын акжолтой болуп, элге кызмат кылуусун тилек кылды. Электр тармактар ишканасынын кызматкерлерин берилген мамлекеттик мүлктү жоопкерчилик менен сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

-Буга чейин жылына көп болсо 1-2 техника келчү, келбесе жок болчу. Техникалардын жетишсиздигинен айыл өкмөттөрүнүн, башка мекемелердин техникаларын убактылуу алып жумуштарды бүткөрчүбүз. Быйыл электр тармактарына болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлүп, иш ыргагы 2-3 эсеге жакшырды,-деп билдирди Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору Бакыт Джолдошбеков.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.