12 апрель 2025

Кароолор: 17

НАРЫН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 12-апрелинде, Нарын электр тармактар ишканасынын административдик имаратынын курулушу башталды.

Мезгил кутучасын салуу аземине Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалай Ибраев, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышты.

3 кабаттан турган имаратты 5 ай аралыгында салынып бүткөрүү пландалууда. Курулуштун наркы 55 млн 200 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Министр Т.Ибраев куттуктоо сөзүндө белгиледи. Маалыматка ылайык, "КУЭТ" ААКтын филиалы быйыл Нарын облусунда 8 объектинин курулушу жүргүзүлөт. Аларга «КУЭТ» ААКтын филиалы Нарын электр тармактарын өнүктүрүүгө, ишкананын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Нарын РЭТ, Ат-Башы РЭТ, Жумгал РЭТ администрациялык имаратынын курулушу, Кочкор районунда темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин, Кочкор РЭТинде ремонттук цехтин курулушу, Ат-Башы районунда 35/10 кВ "Талды-Суу" көмөкчү чордонун куруу, 110/35/10 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонун куруу, мындан тышкары, Тогуз -Торо РЭТине 674 м2 түзгөн сактоо жайлары жана бокс аянтчаларын куруу кирет.

Ал эми КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов электр энергиясы экономикалык-социалдык тармакты өнүктүрүүдөгү негизги локомотив экенин белгиледи. Нарын облусу суу башында тургандыктан облус аймагында чакан ГЭСтер курулууда. Ал эми бийик тоолуу жерде күн нурунан, шамалдан электр энергиясын алууга дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.

Салтанаттуу аземде кийин электр тармактар ишканасынын кызматкерлери үчүн курулган футбол аянтчасынын, эски имаратынын ремонттолуп, спорттук шаймандар менен жабдылган спортзалынын кызыл ленталары кесилди. Андан соң, ишканага тийиштүү техникалардын абалы, бетон мамычаларын чыгаруучу цехтин иши менен таанышып чыгышты.