06 сентябрь 2023
Кароолор: 396
Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду. Башкача айтканда, мындан ары уюлдук телефонубузга 2 ГИС мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу менен Нарын облусунун картасын ачып, издеген дарегибизди навигатор менен таап бара алабыз.
Бул демилге туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен ишке ашты. Жумуштар КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын кызматкерлери менен 2 ГИС компаниясынын өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында 4 айда жасалып бүттү.
Аталган башкармалыктын башчысы Шабдан Абдырайым уулу билдиргендей, Нарын облусунун маалымат сервиси 1-сентябрдан баштап толугу менен ишке кирди. Картада облустагы бардык даректер, обьектилер, туристтик жайлар, транспорт каттамдары, жол чийиндери, жол белгилеринен бери камтылды. Жумуш көлөмдүү болгонуна карабай аз убакытта натыйжалуу бүткөрүлдү.
Кечээ, 5-сентябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө маалымат сервиси презентацияланып, жагымдуу жаңылык коомчулукка кабарланды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.