15 апрель 2025
Кароолор: 16
НАРЫН ОБЛУСУ МЕНЕН ХЭЙЛУНЦЗЯН ПРОВИНЦИЯСЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАҢЫ БАСКЫЧТА

Бүгүн, 2025-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын делегациясын кабыл алды.
Эки аймактын ортосундагы достук жана кызматташтык алакаларын чыңдоо максатында расмий жолугушууга Хэйлунцзян провинциялык Кытай Коммунисттик партиясынын катчысынын орун басары - Хэйлунцзян провинциясынын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Жаң Аншун баштаган провинциянын бийлик өкүлдөрү келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Алтынбек Эргешов Хэйлунцзян делегациясына ыраазычылык билдирип, бул жолугушуулар эки аймак ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрөт деген ишенимин билдирди.
Тараптар Нарын облусу менен Хэйлунцзян првинциясынын ортосунда түзүлгөн мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. 3 ай мурда жетишилген макулдашууларды практикалык иш-аракеттер менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар инвестиция, инфраструктура, фармацевтика, медицина, билим берүү, кадрларды даярдоо, маданият багыттары боюнча кызматташууну улантуу жана кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
А.Эргешов Нарын облусу эркин экономикалык аймак (ЭЭА) макамын алган облус катары ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады. Жол куруу, өндүрүш жана айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Нарындык балдар, кыздардын медициналык, тоо-кен инженердик, унаа куруу багыттары боюнча билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, студенттердин билим алуусун колдоо маселелерин көтөрдү. Кытай тилин үйрөнүү жана жогорку билим алуу боюнча атайын бюджеттик квоталардын бөлүнүүсүн да сунуштады. Ал эми маданият аркылуу байланыштарды кеңейтүү пландалууда. Нарын шаарында түзүлүп жаткан Инновациялык жана креативдүү демилгелер борбору (ИКДБ) бул багыттагы маанилүү платформа катары көрсөтүлдү.
Делегациянын жетекчиси Жаң Аншун облус бийлигинин жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдирип, Хэйлунцзян провинциясынын өнүгүү багыттары, өндүрүштөгү жетишкендиктери боюнча маалымат берди. Аталган провинциянын Харбин шаарында февраль айы IX Кышкы Азия оюндары өткөн. Ал оюндардын ачылыш аземине КР Президенти Садыр Жапаров катышканын белгиледи. Аймактын медицина, унаа куруу, тоо-кен, туризм тармактары өнүккөн. Айыл чарба багытындагы масштабдуу жана орто деңгээлдеги түрдүү техникаларынын, “акылдуу” машиналар, айдоочусуз башкарылуучу (беспилотник) машиналар, аппараттар чыгарыларын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар май айында Харбин шаарында өтө турган жолугушууга даярдыктарды көрүп жатышканын белгилешип, алдыда пландалган сапарлар жемиштүү жыйынтыктарга алып келет деген ишенимин билдиришти.
Расмий делегация Нарын шаарынын билим берүү жана маданият тармагынын бир канча объектисинин ишмердүүлүгү менен таанышты.