01 июнь 2026
Кароолор: 8
НАРЫН ОБЛУСУ МЕНЕН ИНДИЯНЫН ЭЛЧИЛИГИ КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

1-июль күнү ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавты кабыл алды.
Жолугушууда билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтык маселелери каралып, Индия Өкмөтү тарабынан каржыланган ITEC (Indian Technical and Economic Cooperation) программасынын алкагында Нарын облусунун адистерин кыска мөөнөттүү окууларга жана квалификациясын жогорулатуу курстарына тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле облус башчысы Нарын облусу менен Индиянын ортосунда айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча байланышты улантууга макулдашышты.