30 август 2025
Кароолор: 10
НАРЫН ОБЛУСУ “УЛУТТУК ДААМДАР” КАРОО СЫНАГЫНДА 1-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Үстүбүздөгү жылдын 29-30-август күндөрү Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” каада-салттар жана “Улуттук даамдар” кароо сынактары болуп өттү.
Анда Нарын облусу “Улуттук даамдар” кароо сынагында 1-орунду ээледи. Ошондой эле калган кароо сынактардын ар бирининен кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева катышты.