29 январь 2025
Кароолор: 43
НАРЫН ОБЛУСУНА ЕВРОПАДАН ТУРИСТТЕР КӨП КЕЛГЕН
Нарын облусуна 2024-жылы жалпы 141 миң 378 турист келген. Анын ичинен ички туристтердин саны – 113 миң 68, ал эми тышкы туристтердин саны 28 миң 310 түздү.
64 өлкөдөн келген чет элдик туристтердин сап башындагыларды атап кетсек:
- Германия (3359);
- Франция (3190);
- РФ (2807);
- Кытай (2531);
- АКШ (2048);
- Швейцария (1543);
- Италия (1373);
- Испания (1243);
- Казакстан (1223);
- Польша (1180)
2024-жылы ички жана сырттан келген туристтерден жалпы 127 млн 424 миң сом түшкөн.
Туризм багытында облуста аткарылып жаткан иштерге токтолсок, 308 туристтик субьектилер каттоодон өтүп, 182 субьекти активдүү иштеп жатат. Нарын, Кочкор райондорунун туристтик аймактарына “Теңир-Тоо”, “Сон-Көл” глэмпингдери курулуп, туристтерге жаратылыш койнунда кызмат көрсөтүү максатында иш алып барууда.
Мындан сырткары, “Теңир Тоо” ɵнүктүрүү фондунан жалпы 19 млн 860 миң сом туристтик долбоорлор каржыланган: Нарын шаарына “Кербен” мейманканасын куруу, Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосуна “Али-Нур” боз үй лагерин өнүктүрүү, Нарын районундагы “Тешик” жайлоосуна эс алуучу жайды өнүктүрүү үчүн каражат берилген.
Облуска туристтердин кызыгуусун арттыруу максатында видео материалдар даярдалып, 5 жылдык стратегиялык план иштелип чыккан. Ошондой эле, visitnaryn.com платформасы иштелип чыгып, мобилдик тиркемеси иштеп баштады.
Нарын облусунун аймагында туристтик тейлөө борборлору (рест-поинт) учурда Кочкор районунун Теңдик айылында жана Нарын шаарынын “64” аймагында 97% курулушу аяктоо алдында турат.
GoBus долбоорун ишке ашыруу менен жүргүнчүлөр үчүн сервисти жакшыртуу максатында ГОУБАС долбоору ишке ашты.