30 май 2025

Кароолор: 14

НАРЫН ОБЛУСУНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

2025-жылдын 29-майынан 1-июнуна чейин Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Венедиктович Масловдун Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна иш сапары болот. Бул визит Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык жана региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү алкагында уюштурулду.

Иш сапардын негизги күнү – 30-май, жума күнү – И.В. Маслов менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Калдарович Эргешовдун жумушчу жолугушуусу менен башталды. Жолугушууда Нарын шаарында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун (АКЭУ) аймактык кеңсесинин ачылышы боюнча сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул кадам Россиянын Нарын облусундагы маданий жана билим берүү багытындагы катышуусун кеңейтүүгө багытталган маанилүү аракет катары белгиленди.

Жолугушууларга эки тараптын мамлекеттик органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш сапардын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлөт:

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш мемориалына гүлчамбар коюу аземи;

№2 В.Чкалов атындагы орто мектебине барып, окуучуларга белектерди тапшыруу;

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине (НМУ) барыш, анын ичинде “Русский мир” фонду тарабынан орус тили кабинетин ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Россиянын Россотрудничествосу тарабынан берилген “Согуштун жылнаамасы” аттуу Жеңиш музейинин көргөзмөсүн университетке өткөрүп берүү аземи;

НМУнун алдындагы орус тилин окутууну колдоо борборуна белектерди тапшыруу аземи (Россотрудничествонун “точкасы”);

Нарын тарыхый-этнографиялык музейине барыш жана Нарын облусунун жетекчилери менен россиялык делегациянын катышуусундагы достук волейбол матчы;

Орус тилинде билим берүүчү мектептерге, анын ичинде Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектепке жана учурда курулуп жаткан жаңы мектепке барыш;

99 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаров менен жолугушуу, ошондой эле 2025-жылдын 9-майындагы Москва шаарындагы Жеңиш Парадына катышкан ардагерлердин тукумдары менен кездешүү;

Таш-Рабат кербен сарайына – Улуу Жибек жолунун тарыхый эстелигине баруу;

Ж.Шералиев атындагы Нарын балдар искусство мектебине белектерди тапшыруу, анын ичинде Россотрудничествонун жардамы менен даярдалган П.И.Чайковскийге арналган көргөзмөнүн ачылышы;

“Алтын туйун” балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын филиалына барып, россиялык өндүрүштөгү 20 даана робототехника комплектин берүү боюнча сертификатты тапшыруу;

“Хан-Теңири Нарын” мейманкана комплексинин реконструкциясын каржылоо боюнча келишимге кол коюу аземине катышуу, бул долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылууда;

Нарын дарыясындагы “Куланак” ГЭСинин курулуш аянтына баруу — бул Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоор.

Игорь Маслов башында турган россиялык делегациянын иш сапары Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий, билим берүү жана инвестициялык кызматташуунун бекемдигин дагы бир жолу көрсөттү. Нарын облусундагы биргелешкен долбоорлор орус тилин үйрөнүүгө көмөктөшүүгө, балдар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана илимий-техникалык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган.