29 август 2025
Кароолор: 10
НАРЫН ОБЛУСУНДА 15 ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК ЖАНА ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТ ОНЛАЙН ФОРМАТТА АЧЫЛАТ

Бүгүн, 29-август күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Нарын облусунда жалпы 15 ири социалдык жана өндүрүштүк объекттердин онлайн ачылышы өткөрүлөт.
Жаңыдан пайдаланууга берилүүчү объекттердин катарына 7 социалдык мекеме жана 8 өндүрүштүк ишкана кирет. Алардын арасында билим берүү тармагындагы мектептер, спорт залдар жана аймактарда өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган ишканалар орун алган.
Атап айтканда, Нарын шаарындагы Ү. Асанов атындагы Нарын облустук жактак мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлсө, Ак-Талаа районунда А.Турдакунов атындагы жаңы мектеп (150 орун), ошондой эле жүндү кайра иштетүүчү цех жана сафлор майын чыпкалоочу ишкана ишке киргизилүүдө.
Ат-Башы районунда Шах-Тал алтын казуу ишканасы, Жумгалда болсо Таш-Дөбө айылындагы орто мектеп, Байзак айылындагы минералдык суу чыгаруучу цех жана Баш-Куугандыдагы жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачылууда.
Кочкор районунда Төлөк айылында спорт зал, Ак-Кыя айылында Ш. Рысмендеев атындагы мектеп, Ормон-Хан айылында соода-логистикалык комплекс элдин кызматына берилет.
Ал эми Нарын районунда Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязова атындагы орто мектеби, Ийри-Суу айылындагы М. Байдөөлөт атындагы мектеп, Миң-Булак айыл аймагындагы бетон заводу жана тоок этин кайра иштетүүчү ишкана ачылып жатат.
Бул объекттердин ишке кириши менен аймактардын социалдык инфраструктурасы чыңдалып, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейет жана жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундар түзүлөт.