18 апрель 2025
Кароолор: 29
НАРЫН ОБЛУСУНДА 16-18-АПРЕЛЬ КҮНДӨРҮ ЖУРГҮЗҮЛГӨН РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Практикалык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов күбө болуп, өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерге баасын берди.
Нарын шаарынын түндүк-батыш тарабында машыгуу үчүн аянтча түзүлүп, палатка-шаарча уюштурулган. Облустук жана райондук жарандык коргонуунун тутумундагы кызматтар өзгөчө кырдаалдарды оперативдүү жөнгө салуу боюнча практикалык көрсөтмөлүү иш аракеттерин чагылдырды.
Программага ылайык бир катар кырдаалдар чагылдырылды:
- ичүүчү суунун анализин ыкчам алып текшерүү,
- уулуу заттардын тарап кетишине бөгөт коюу,
- өрт кырсыгына кабылган жарандарды турак-үйлөрдөн куткаруу,
- өрт каптаган турак үйдөн кыймылсыз абалга келген жаранды куткаруу жана тез жардам көрсөтүү,
- урандылардын алдында калган жаранды куткаруу,
- көп кабаттуу турак жайдагы өрттү өчүрүү,
- токойдо чыккан өрттү өчүрүү,
- учурдан пайдаланган кылмышкерлерди буктурмага алып кармоо,
- электр тогунун соккусунан жараат алган кызматкерди зым тиректен алып түшүрүү,
- жабыр тарткан калкты эвакуациялоо жана жайгаштыруу,
- тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча иштер аткарылды,
- кыян суулар, сел өтүүчү каналдарды тазалоо, дарыянын нугун буруу ж.б
Андан соң министрдин орун басары жарандык коргонуунун тутумундагы ар бир кызматтын штабын кыдырып көрдү. Даярдыктар боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - жарандык коргонуу штабынын жетекчиси Адыл Сапаров аткарылган иштер боюнча маалымат берип, машыгуунун алкагында Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын аймагынан машыгуу өткөрүү боюнча жалпы 8 участок аныкталып практикалык коргоо иш-чаралары өттү. Жарандык коргонуу тутумундагы кызматтардан 700 ашык кызматкер иш алып барды. 171 техника тартылды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов иш-чаранын жыйынтыгында машыгууга катышкан жетекчилердин, кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин, жоопкерчиликтүү мамиле кылганын белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ал эми Нарын облусу башка облустарга салыштырмалуу дайыма өзгөчөлөнүп келерин жана жарандык коргонуу кызматынын даярдыгы “жакшы” деген баа алганын баса белгиледи. У.Шамыркановдун маалыматына ылайык, Нарын облусунда Облустук Жарандык коргонуу кызматынын 120 бириктирилген отряды, 12 жарандык коргонуу кызматы бар. Машыгууга жарандык коргонуудагы кызматтар, ӨКМ кызматкерлери жана жергиликтүү жарандарды кошкондо 1000 чукул адам машыгууга катышканын айтты.
“Команда-штабдык окуунун максаты – жарандык коргонуу жаатындагы жүргүзүлгөн иштер, мыйзамдардын, Өкмөттүн токтомдорунун жана тиешелүү нормативдик-укуктук актылардын өз убагында жер-жерлерде аткарылышын көрүү. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийлик жакшы иш алып барып жатканы көрүнүп турат”,-деди министрдин орун басары.
Машыгуунун жайынтыгы менен бир катар жетекчилерге жана кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктары тапшырылды.