18 апрель 2025
Кароолор: 34
НАРЫН ОБЛУСУНДА 16-18-АПРЕЛЬ КҮНДӨРҮ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАРДЫН АЛКАГЫНДА 8 УЧАСТОКТО ДАРЫЯНЫН НУГУН БУРУУ, ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ, КАНАЛДАРДЫ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

Машыгуунун алкагында Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын аймагындагы кооптуу объект катары аныкталган 8 участокто практикалык коргоо иш-чаралары өттү. Облустук, райондук Жарандык коргонуу тутумундагы кызматтардын атайын инженердик техника каражаттары иш алып барды.
Планга ылайык, аталган участоктордогу каналдардын 4200 м аралыгын механикалык тазалоо, 150 м жээкти аска-таш менен бекемдөө, 1300 м аралыкты казуу менен дарыянын нугун буруу иштери каралган. Жумуштардын аткарылышы менен 165 турак жай, 3 социалдык объект, 20-30 га айдоо аянттары жана 300 га аянтка суу барган «Нарын» сугат каналы, түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун 179-180 чакырымы, 4 калктуу конуштагы 11650 жаранды электр энергиясы менен камсыздаган электр чубалгыларынын түркүктөрү (ЛЭП), 1 сел, суу ташкындарынан коргоо кызматынын бетон дамбасы корголот.
Төмөндөгү участоктордо иш жүрдү:
- Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Кызыл-Эмгек, Чекенди-Талаа участкаларында дарыянын нугун буруу;
- Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы Кызыл-Ой участкасында дарыянын нугун буруу;
- Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын түштүк-батыш тарабындагы сел өтүүчү сайды тазалоо;
- Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын түндүк тарабындагы “Көбүргөн сай” участкасындагы сел өтүүчү каналдын нугун механикалык тазалоо;
- Нарын районунун Сейил-Булак участкасындагы жээк бекемдөө, калктуу конуштун тушунан Нарын дарыясынын жээгин аска-таш менен бекемдөө;
- Нарын шаарынын Ат-Башы участкасындагы шаардын борбордук аянтынын түштүк тарабында (Мирный) селден коргоочу жана сугат каналынын нугун тазалоо;
- Кочкор районунун Шамшы айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кырман участкасындагы “Ичке-Сай” сел-кыян сууларын коопсуз өткөрүүчү каналды механикалык тазалоо;Жумгал районунун Шортон айылындагы түштүк тарабындагы “Күчүк” каналынын нугун механикалык тазалоо.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - жарандык коргонуу штабынын жетекчиси Адыл Сапаровдун маалыматына ылайык, канал тазалоо, суунун нугун буруудан тышкары, жалпы машыгууга Жарандык коргонуу тутумундагы кызматтардын жалпы 171 техника тартылды. Буга чейин Нарын облусунун айыл өкмөттөрүндө атайын техникалык каражаттардан таңсыздык жаралып келген. Ал эми аймактык-территориалдык реформанын аркасында 27 айыл аймагы жана 27 муниципалдык ишканалар түзүлүп, аларга колдоо көрсөтүү максатында КР Президенти Садыр Жапаров 270 млн сом бөлүп берилген. Бул каражатка 44 техника алынып, учурда айыл аймактарында элге кызмат көрсөтүү, жеринде маселелерди чечүү кыйла жеңилдеди.