14 февраль 2025

Кароолор: 31

НАРЫН ОБЛУСУНДА 2 ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ КАТТАЛЫП, ЧЫГЫМЫ 3 МЛН 903 МИҢ 990 СОМДУ ТҮЗДҮ

Мындай маалыматты КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнис Дыйканбаев Нарын облусунун Жарандык коргонуусунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери боюнча жыйында айтты.

Жыйынды КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Э.Дыйканбаев 2024-жыл ичи 2 өзгөчө кырдаал катталганын билдирди. 10-майда Ат-Башы районунда ылдамдыгы 24-27м/с жеткен катуу шамал 205 объекти, анын ичинен 194 турак-жай, 11 социалдык объект жабыркаган. Ал эми Нарын районунун Куланак айылын каптаган сел-кыяндын кесепетинен 1 турак үйдүн ичине кирип, 41 турак үйдүн короосун, унаа жолдорду каптап, каналдар толуп, ички көпүрөнү жараксыз абалга алып келген.   

2024-жылы даярдык пландын негизинде Жарандык коргонуунун облустук жана райондук башкаруу курамын, комиссияларын, кызматтарын, түзүмдүк болүктөрдү, объектилерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыгын жогорулатуу боюнча 63 окуу, машыгуулар өткөрүлгөн. 1950 жарандын  жана кызмат адамдарынын практикалык иш аткаруудагы мүмкүнчүлүктөрү текшерилген.

Ал эми 2024-жылы облус аймагында 114 өрт кырсыгы катталып, чыгымдар 44 млн 975 миң 557 сомду түздү.

Өрттүн чыгуу себептери төмөндөгүдөй аныкталган:

  • балдардын от менен ойноосунан – 18 өрт;
  • тамеки тартуудагы этиятсыздыктан – 8 өрт;
  • электр жабдууларын техникалык жактан колдонуудагы бузулушунан – 49 өрт;
  • от жагуучу мештердин, түтүн чыгуучу морлордун туура эмес салынышынан – 18 өрт;
  • ачык отту туура эмес пайдалануудан – 21 өрт.

А.Сапаров сунуш, пикирлердин негизинде райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана тийиштүү мекеме жеткечилерине Жарандык коргонуу боюнча тийиштүү даярдыктарды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.