20 ноябрь 2025
Кароолор: 8
НАРЫН ОБЛУСУНДА 2025-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ

20-ноябрь күнү ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун төрагалыгы астында кезектеги облустук коллегиянын отуруму болуп өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчылары, Нарын шаарынын мэри, облустук жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Отурумда эки негизги маселе талкууланды.
1- Нарын облусунун 2025-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары.
Бул багытта экономика, айыл чарба, энергетика, инфраструктура, инвестициялар, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо сыяктуу бир нече тармактардын иши каралды. Ар бир тармак боюнча аткарылган иштер, көйгөйлөр жана илдеттер белгиленди.
2- маселе: Жарандардын кайрылууларын жана расмий иш-кагаздарын кароодогу аткаруучулук тартип.
Мында кайрылууларга жооп берүү мөөнөтү, сапаты, жоопкерчиликтин деңгээли, документ жүгүртүү маданияты боюнча катуу талаптар коюлду. Жергиликтүү жетекчилер жарандардын көйгөйлөрүнө ыкчам жана так мамиле кылууга милдеттендирилди.
Коллегиянын жыйынтыгында бюджеттик планды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, медицина тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, калкты социалдык жактан колдоону күчөтүү жана контролдоо, жарандардын кайрылууларын убагында, толук жана сапаттуу кароо, аткаруучулук тартипти катуу көзөмөлдөө жана жоопкерчиликти күчөтүү.
Отурумдун жүрүшүндө бир катар жетекчилер өз кызматтык милдеттерин толук аткарбаганы үчүн алардын жоопкерчилиги каралып, тартиптик чаралар көрүлүп, жетекчилерге мамлекеттик талаптарды так аткаруу зарылдыгы айтылды.
Жыйындын соңунда облус жетекчилиги бардык мекеме-уюмдарды тийиштүү тармактардагы кемчиликтерди жоюп, алдыдагы пландарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууга чакырды.