05 июнь 2025
Кароолор: 35
НАРЫН ОБЛУСУНДА “АГРО-КЕРБЕН НАРЫН – 2025” СЕМИНАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

«Агро-Кербен Нарын – 2025» семинары Нарын облусунда старт алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана тармактык министрлик менен кызматташтыкта уюштурулган иш-чара айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү, жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү максатын көздөйт.
Семинар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчиси Жылдызбек Беккелдиев, КР Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаевдин катышуусунда өтүп жатат.
Мирбек Дүйшеев белгилегендей, иш-чара Нарын облусунан башталып, мындан ары республиканын башка аймактарында да улантылат.
Программада дыйкандарды колдоо, кооперация, эксперттик жана мамлекеттик колдоо, жеңилдетилген насыя берүү, Кытай рыногуна чыгуу жана Кыргызстандын Кытайдагы көзөмөлдүк кампасы, кайра иштетүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндамалар камтылды. Катышуучуларга каржылык жана консультативдик колдоо көрсөтүлүп, тармактык байланыштар түзүлүүдө.