22 апрель 2026
Кароолор: 9
Нарын облусунда билим берүү тармагында мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарынын жетекчилиги алдында облустагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү тармагындагы мекеме жетекчилери катышкан кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын негизги максаты — мыйзамдуулукту камсыз кылуу, окуучулардын коопсуздугун жогорулатуу, билим берүү мекемелеринде тартипти сактоо жана негизсиз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар берилди.
Мындан тышкары, окуучулар арасында тарбиялык иштерди күчөтүү, мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.