12 февраль 2026

Кароолор: 10

НАРЫН ОБЛУСУНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ҮНӨМДҮҮ ЖЫЛУУЛУК НАСОСТОРУ ОРНОТУЛА БАШТАДЫ

Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл Нарын шаарындагы “Нарын жылуулук берүү” ишканасынын Москва чөлкөмүндө жайгашкан отканасына барып, жаңы технологиянын негизинде орнотулуп жаткан жылуулук насосторунун абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул жабдуулар Нарын облусунда биринчи жолу орнотулуп жатат. Долбоор “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, энергияны үнөмдүү пайдаланууга жана калкты жылуулук менен туруктуу камсыздоого багытталган.

Учурда жылуулук насосторун орнотуу иштери жүрүүдө. Аларды ишке киргизүү менен жылуулук берүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, чыгымдарды азайтуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу күтүлүүдө.