24 апрель 2026

Кароолор: 9

НАРЫН ОБЛУСУНДА ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдындагы Аймактык ведомстволор аралык комиссиясынын жана Нарын аймактык координациялык топтун кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы №141 токтому менен бекитилген «2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программаны» ишке ашыруу алкагындагы иш-чаралардын аткарылышы каралды. Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №551-т тескемеси менен бекитилген планга ылайык, 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата милдеттер белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө Нарын облусунун аймагында аталган багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин маалыматтары угулду.

Жыйынтыгында, 2026-жыл ичинде облус аймагында жогоруда белгиленген токтомдор менен бекитилген иш-чаралардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.