17 март 2025

Кароолор: 18

НАРЫН ОБЛУСУНДА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

Нарын облусунун аймактарында өткөн ишембиликке бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлери активдүү катышты. Жаз алды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерине басым жасалып, экологиялык абалды жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында райондордогу, шаардагы мекемелердин айланасы, парктар, тротуарлар жана коомдук жайлар тазаланды.