20 январь 2025
Кароолор: 42
Нарын облусунда кайрымдуулук акциясы өттү

Облус жетекчилиги кайрымдуулук акцияларын уюштуруу менен Нарын облусундагы социалдык жактан колдоого муктаж балдарга жардам көрсөтүүнү улантууда. КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун түркиялык ишкерлер менен түзгөн алакасынын аркасында, түркиялык демөөрчүлөр кезектеги кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүп, Нарын облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым жана томолой жетим балдарга жылуу кийимдерди жиберишкен. 184 куртка жана ошончо сандагы бут кийим, 80 комплект топу, шарф жана кол каптар жер-жерлерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таратылды.
Акциянын максаты — катаал шарттагы аймактарда жашаган жана экономикалык же социалдык факторлордун таасири менен кыйын абалда калган балдарга жардам көрсөтүү.
Мындай кайрымдуулук иштери кыргыз-түрк достугун жана гуманитардык байланышын чыңдоонун дагы бир маанилүү кадамы болуп эсептелет.