02 июль 2025

Кароолор: 105

НАРЫН ОБЛУСУНДА МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ 

Бүгүн, 2025-жылдын 2-июлунда, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп жатат.

Иш-чарага Нарын облусундагы медициналык мекемелерде эмгектенген дарыгерлер, медайымдар жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Салтанатты ачып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өз сөзүндө ал ак халатчан адистердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, медицина кызматкерлеринин эл үчүн кылган түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегине терең ыраазычылык билдирди.

— «Сиздердин кесибиңиздер — жөн гана кызмат эмес, бул — элге болгон кызмат, адам өмүрүнө болгон жоопкерчилик», — деп белгиледи өкүлдүн орун басары.

Ошондой эле, учурда облустагы саламаттык сактоо мекемелеринде 347 дарыгер жана 1512 медайым эмгектенип жатканы айтылып, бирок 133 врач жетишпей жатканы – бул тармактагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири экени баса белгиленди. Бул маселени чечүү максатында 2024-жылы Нарын мамлекеттик университетинде “Дарылоо иши” адистиги ачылып, учурда ал жерде 13 студент билим алып жатат. Андан тышкары, 2025-жылдан тартып ар бир райондон 5тен кем эмес бүтүрүүчү медициналык окуусун аймактык өнүктүрүү фонддорунун жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен улантат.

Саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп, облуста көбүнесе артериалдык гипертония, инфаркт, инсульт, боор, өт, муун, көз оорулары көп катталып жатканын жана бруцеллёз илдети да кооптуу бойдон калганын белгиледи. 2024-жылы бруцеллёз оорусунун 250 учуру катталган. Бирок, ошого карабастан, аймакта жылыштар бар: 2024-жылы энелердин өлүмү катталган эмес, ал эми ымыркайлардын өлүмү өткөн жылга салыштырмалуу 11 учурга кыскарып, 42 учурду түздү.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында медицина мекемелерин техникалык жактан колдоо максатында Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа райондук ооруканаларына, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына, соттук-медициналык экспертиза жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жалпы 8 даана смарт-телевизор облустук бийликтин атынан тапшырылды.

Мындан сырткары, кесиптик майрамдын урматына бир катар медицина кызматкерлерине Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.