21 март 2025
Кароолор: 29
НАРЫН ОБЛУСУНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын облусунун бардык райондорунда Нооруз майрамы белгиленди. Салтанат театралдаштырылган концерттик программалар жана улуттук оюндар менен коштолуп, сүмөлөк таратылды.
Облус борбору Нарын шаарында өткөн майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Нуридин Мадимаров катышты. А.Сапаров куттуктоо сөзүндө майрамдын элибиздин турмушундагы маанисин белгилеп, ошондой эле ал облустун экономикалык өнүгүүсүнө дагы учкай токтолду.
"Нооруз - күн менен түн теңелип, жашоонун жаңы мезгилинин башталышын, табияттын жана жан дүйнөнүн жаңылануусу. Жердин тоңу кетип, жаратылыш жанданып, мал тоюнуп, элибиз жаздын камылгасын көрө баштаган кез. Жаздын бир күнү жылга тете. Андыктан жапа тырмак айлана-чөйрөбүздү тазалап, тазалыкты камсыздоо менен бирге, жазгы талаа иштерине камылга көрүшүбүз керек. Мал чарбачылыгы, талаачылык, мөмө жемиш, техникалык базаны чыңдоо жана башкага көңүл буруу зарыл", — деди Адыл Сапаров.
Сөзүнүн соңунда А.Сапаров элибиздин биримдиги жана облустагы бардык тургундардын биргелешип иштеши ар тараптуу өнүгүүгө жетүү үчүн маанилүү экенин белгилеп, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана бардык башталыштарда ийгиликтерди каалады.
Нарын шаарында өткөн майрамдык иш-чаралардан тышкары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда дагы район жетекчилеринин куттуктоолору, улуттук каада-салттарды чагылдырган театралдык оюндар, ошондой эле жергиликтүү чыгармачыл топтордун аткаруусундагы концерттик программалар болду. Тургундар үчүн оюндар жана конкурстар уюштурулду.