28 май 2026
Кароолор: 7
Нарын облусунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана калктын саламаттыгын сактоо маселелери талкууланды

Бүгүн, 28-майда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жылдыз Мамбетованын жетекчилиги алдында жумушчу отурум өттү.
Жыйында “Акыркы коңгуроо” иш-чаралары жана жайкы эс алуу мезгилинде өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселелери каралды. Тиешелүү мекеме-ишканаларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ВИЧ/СПИДдин жана вирустук гепатиттердин алдын алуу, жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу, чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү иштерин уюштуруу маселелери талкууланды.