06 ноябрь 2025

Кароолор: 15

НАРЫН ОБЛУСУНДА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

6-ноябрь күнү Нарын облустук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Иш-чарага облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева, Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун Мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн адиси Кубатбек Акматбеков, ошондой эле тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жыйында АИВ жана кургак учук боюнча кызматтарга укуктук тоскоолдуктарды жоюу маселелери каралып, учурдагы иш-чаралардын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле 2026–2028-жылдарга карата жаңы иш-чаралар планынын долбоору талкууланып, бир катар сунуштар айтылды.