03 октябрь 2025
Кароолор: 36
НАРЫН ОБЛУСУНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК, КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАМЫЛГА ЖАНА ЖОЛ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 3-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаровдун жетекчилиги астында облустук кеңешме болуп өттү.
Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык, күз-кыш мезгилине камылга жана жол маселелери каралды. Кеңешмеге облустук жетекчилер, район акимдери, шаар мэринин орун басары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган шайлоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Нарын облусунда учурда 169 шайлоо участогу уюштурулуп, аларды электр энергиясы, интернет жана техникалык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Мындан тышкары, калкты жана социалдык мекемелерди көмүр отуну менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлүп, ташуу иштери кечеңдеп жатканы белгиленди. Бул багытта тиешелүү органдарга ишти ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле жолдордун абалы да талкууга алынып, инерттик материалдарды өз убагында чачуу кечеңдеп жатканы жана жол коопсуздугун камсыз кылуу иштеринде кемчиликтер бар экени айтылды.
Жыйындын соңунда ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү мекемелердин жетекчилерине шайлоону уюштурууну, кышка даярдыкты толук камсыз кылууну жана жол тейлөө иштерин өз убагында аткарууну жеке көзөмөлгө аларын баса белгиледи.