02 октябрь 2025

Кароолор: 6

НАРЫН ОБЛУСУНДА СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Бүгүн, 2-октябрда облус башчысынын биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында 14 айыл аймагына жана райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна кеңсе жабдуулары тапшырылды. Андан соң “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун” (НПИС) ишке ашыруу максатында тегерек стол өттү.

Аталган программа 43 айыл аймагын камтып, 100 миңден ашык тургунду ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну көздөйт. Анын алкагында 37 билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде санитардык шарттар жакшыртылып, 1160 үй чарбасы саркынды сууларды тазалоочу локалдык курулмаларга кошулат.

Программанын алкагында берилген кеңсе жабдуулары биллинг системасы аркылуу абоненттерди жана суу керектөөнү автоматтык эсепке алууга, ошондой эле ичүүчү суунун сапатын лабораториялык деңгээлде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Ал эми, “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорун” (НПИС) ишке ашыруу максатында өткөн тегерек столдун максаты - климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

НПИС долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан координацияланып, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылууда. Жалпы бюджети 27 млн. АКШ долларын түзүп, анын 25 млн. доллары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланса, 2 млн. доллары «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» (ELP) фондунун гранты болуп саналат. Долбоор Кыргызстандын 7 облусунун 40 айыл аймагын камтып, социалдык объекттерди жана инженердик тармактарды жакшыртууга, ошондой эле чакан экономикалык долбоорлорду колдоого багытталган.

Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан бул демилгелер региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.