18 июнь 2026

Кароолор: 12

НАРЫН ОБЛУСУНДА СУУ ҮНӨМДӨӨ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ДОЛБООРЛОР ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

18-июнь күнү ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Нарын району жана Ак-Талаа районундагы бир катар айыл чарба жана энергетика багытындагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Алгач өкүл Нарын суу чарба башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан жамгырлатып сугаруу долбоорунун аткарылышын көрүп чыкты. Бул ыкма сууну үнөмдүү пайдаланууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана сугат жерлердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Андан соң Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы курулуп жаткан чакан гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.