27 январь 2026
Кароолор: 16
НАРЫН ОБЛУСУНДА ТРАНСПОРТ ТАРМАГЫН ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Бүгүн Нарын облусунда транспорт системасын ирээтке келтирүү, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айыл аймактардан маршруттук каттамдарды жандандыруу, шаар, район аралык каттамдарга онлайн билет алуу, такси кызматтарынын ишин тартипке салуу жана техникалык кароодон (техосмотр) өткөрүүнү уюштуруу багытында жыйын өттү. Жолугушуу облус башчысынын катышуусунда болуп, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында калкты сапаттуу жана коопсуз транспорттук тейлөө менен камсыз кылуу, айылдардан райондорго жана облустук борборго каттамдарды көбөйтүү, алардын туруктуулугун камсыз кылуу жана унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөө маселелери талкууланды.