12 декабрь 2025
Кароолор: 23
НАРЫН ОБЛУСУНДА ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

12-декабрда облус башчысынын биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун, тиешелүү министрликтердин, шаар, район башчыларынын, тиешелүү кызмат өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган облустук кеңешме болуп өттү.
Анын жүрүшүндө Нарын облусундагы тарыхый-маданий жайлардын учурдагы абалы, туризм тармагында ишкердик жүргүзгөндөр үчүн экологиялык талаптарды сактоо, айлана-чөйрөнү тазалоо жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.
Кеңешмеде мындан сырткары “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун аймактагы туристтик долбоорлорду колдоо, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууну кеңейтүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.
Жыйындын соңунда катышуучулар жалпы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке сектор бирдиктүү иш алып баруусу зарыл экени белгиленди.