19 январь 2026
Кароолор: 43
НАРЫН ОБЛУСУНДА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КЫШКЫ ЖАНА ЖАЙКЫ ПРЕСС-ТУРЛАРДЫ УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Облус башчысы 19-январь күнү Нарында туризм тармагын өнүктүрүү, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында ички жана тышкы журналист-блогерлерге кышкы жана жайкы пресс-турларды уюштуруу боюнча туризм тармагында иш алып барган ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда коңшу өлкөлөрдөн журналисттерди жана блогерлерди чакыруу аркылуу Нарындын кооз жаратылышын, тарыхый-маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле пресс-турлардын алкагында маршруттарды тактоо, программаларды түзүү боюнча сунуштар айтылды.