16 апрель 2025
Кароолор: 36
НАРЫН ОБЛУСУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАР БАШТАЛДЫ

2025-жылдын 16-апрелинде Нарын облусунда республикалык деңгээлдеги команда-штабдык машыгуулар башталды.
Машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр жапаровдун 2025-жылдын 17-февралындагы “2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндө” №54 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде өтүп жатат.
Машыгуулардын максаты — жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүчү кызматтардын ири масштабдуу кырдаалдарга даярдыгын текшерүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү жана кызматкерлердин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу.
Окуулардын шарттуу легендасына ылайык, аймакта күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул кырдаал бардык тиешелүү кызматтардын жана ресурстардын ыкчам түрдө ишке киришүүсүн талап кылды.
Таңкы саат 7:00дө айгай жаңырып, облус жана райондордогу жарандык коргонуу структуралары, өзгөчө кырдаалдар, медицина, ички иштер, энергетика, коммуналдык жана башка кызматтар алдын ала даярдалган алгоритмдерге ылайык дароо ишке киришишти. Машыгуулар өзгөчө кырдаалдар боюнча министрдин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги алдында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары – жарандык коргонуу штабынын жетекчиси Адыл Сапаровдун башкаруусу менен өтүп жатат.
Машыгуу учурунда жер титирөөдөн улам пайда болушу мүмкүн болгон кырдаалдар, анын ичинде имараттардын урашы, маанилүү инфраструктуранын ишиндеги үзгүлтүктөр, калкты эвакуациялоо, издөө-куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү, гуманитардык жардам берүү сыяктуу иш-аракеттер иш жүзүндө моделдөөнү карайт.
Ар бир кызмат өз ыйгарым укуктарынын алкагында белгиленген мөөнөттөрдө тапшырмаларды так аткарышы керек. Өзгөчө аткаруу бийлиги органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоого, маалымат алмашуу ыкчамдыгына жана өзгөчө кырдаал шарттарында башкаруунун туруктуулугуна бурулууда.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары мындай машыгуулар калктын коопсуздугун камсыз кылууда жана региондордун туруктуу өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен өткөрүлүүчү команда-штабдык машыгуу 18-апрелге чейин уланат.