02 октябрь 2025

Кароолор: 6

НАРЫН ОБЛУСУНДА ЖОЛ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАР ЖҮРҮҮДӨ

“Бишкек–Нарын–Торугарт” унаа жолунун “Кызыл-Бел” ашуусунан “Долон” ашуусуна чейинки аралыкта №41 жол тейлөө мекемеси тарабынан жол чийиндерин жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындай иштерди аткаруу тапшырмасы үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун жетекчилиги алдында өткөн Нарын облустук Координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда берилген.

Отурумда облус аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланып, автоунаа жол кырсыктарын алдын алуу максатында бир катар протоколдук тапшырмалар берилген. Анын алкагында “Бишкек–Нарын–Торугарт” автоунаа жолундагы жол белгилерин алмаштыруу жана жол чиймелерин жаңыртуу иштери каралган.