30 январь 2025

Кароолор: 64

Нарын облусундагы 42 чакырым унаа жолго асфальт төшөлдү

2024-жылы Нарын облусунда 42 чакырым унаа жолго асфальт катмары төшөлүп, жалпы баасы 269 млн сомду түздү.

      Мунун ичинен 21 чакырым унаа жолу титулдук тизмеден 141 млн сомго аткарылды, ал эми “Капиталдык салымдар” беренеси эсебинен 21 чакырым унаа жолуна асфальт катмары төшөлүп 128 млн сомго иш аткарылды. 

     Нарын облусунда жалпы 3421,35 км жол бар. Анын ичинен эл аралык маанидеги жолдор – 586,7 км, мамлекеттик маанидеги жолдор – 1590 км, жергиликтүү маанидеги жолдор – 1244,6 км.