28 май 2025
Кароолор: 43
НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ӨКМӨТТҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ ШАБДАН АБДЫРАЙЫМ УУЛУ СҮРӨТЧҮ НУРБЕК ЖОЛБУНОВДУН КӨРГӨЗМӨСҮНҮН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 28-майында, сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун «Ата Мекен – алтын бешигим» аттуу көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү.
Какен Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейине таандык Нарын шаарындагы “AS” галереясында өткөрүлгөн көргөзмөгө Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты.
Көргөзмөдө салттуу жана заманбап ыкмаларды айкалыштырган ала кийиздер, чийден жасалган чоң паннолор жана майлуу боектор менен тартылган сүрөттөр коюлган. Ата Мекен – алтын бешигим» аталыштагы көргөзмөдө сүрөтчүнүн чийге жип ороп жасалган стилдүү сүрөттөрү, ташка чегилген оймолору, майлуу боек менен натюрморт жана абстрактуу картиналары мекендин ар түрдүү бөлүгүн, ошондой эле кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын чагылдырган. Жолбунов эмгектери аркылуу кыргыз элинин бай маданий мурасын жана мифтик-эпикалык дүйнөсүн көркөм формада берген.
Шабдан Абдырайым уулу көргөзмө менен таанышып чыгып, мындай маданий иш-чаралар аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болуп, ошондой эле улуттук көркөм өнөрдү таанытууда чоң роль ойной турганын белгиледи. Жетекчи сүрөтчүнүн эмгектерин жогору баалап, аларды кеңири таанытууга болгон күч-аракетин жумшарын билдирди.
Нурбек Жолбунов 1969-жылы Нарын шаарында туулган. Ал Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм-графика факультетинен билим алып, 2005-жылдан бери жеке көргөзмөлөрүн уюштуруп келет. Ал республиканын жана чет элдик көргөзмөлөрдүн активдүү катышуучусу. Анын эмгектери Улуу Британия, АКШ, Германия, Швейцария, Франция, Индия, Казакстан, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдө коюлган. Мындан тышкары, эмгектери Кыргызстандын жеке коллекцияларында жана Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин “Алтын” фондунда сакталууда.
2025-жылдын 28-майында ачылган “Ата Мекен – алтын бешигим» аттуу көргөзмө 31-июлга чейин уланат.