22 апрель 2025

Кароолор: 36

НАРЫН ОБЛУСУНУН 2025-ЖЫЛГА СЕЗОНДУК АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДАГЫ ТАЛАА ЖУМУШТАРЫН ЖУРГҮЗҮҮ БОЮНЧА, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮ, ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ЖАНА ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДАРЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

2025-жылдын 21-апрелинде өткөн штабдык отурумду Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчылары катышты.

Күн тартибинде:

-2025-жылдагы жазгы талаа иштеринин аткарылышынын абалы;

- Ирригация боюнча аткарылган иштер жана КР МК 29.04.2024-ж. №207 “Суу чарба секторунун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы;

- “Жашыл-Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында 2025-жылы калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине даярдык көрүү жана өткөрүү;

- Аймактагы таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү иштеринин жүрүшү;

- Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу  менен камсыздоо системаларын күтүүнү, таштандыларды чыгарууну, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу иштеринин жүрүшү;

- Салкын-Төр, Чар, Шаркыратма участкаларын ирээтке келтирүү жана көзөмөлгө алуу каралды.

Район жетекчилери ар бир пункта каралган маселерге токтолуп, аткарылган иштер  боюнча маалымат беришти.

Нарын облусунда 44 миң 45 га айдоо аянтын айдап себүү пландалган. Мунун ичинен  буудай – 6593 га, арпа – 21875 га, сулу – 8 га, таруу – 10 га, жүгөрү – 1000 га, май өсүмдүгү – 103,5 га, картошка – 4971 га, жашылча – 479 га, чанактуу дан – 10 га, бир жылдык чөп өсүмдүгү – 8996 га жер аянтына айдоо иштерин жүргүзүлөт. Учурда 2052 га айдоо иштери башталды. Ал эми күндүн жылышы менен таруу, жүгөрү, картошка, чанактуу дандар, горох, чечевица, сорго, май өсүмдүгү, жашылчалар себилет. 

“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Нарын облусунда “Бир адамдан - бир көчөт” акциясынын аркасында 312 миң түп, жазы жалбырактуу, ийне жалбырактуу, мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузуу пландалган. Башка облустарга салыштырмалуу Нарын облусуна жаз мезгили кечирээк келгендиктен бак-дарактарды отургузуу жаңыдан башталды. Бүгүнкү күндө 22 миңден ашуун көчөт отургузулган.