19 апрель 2025
Кароолор: 28
НАРЫН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТҮП, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ ТАЗАЛОО, ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 19-апрелинде, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда, Нарын шаарында жалпы 57,7 га жер тазаланды. Андан тышкары, 10,6 га жерге 2116 көчөт отургузулду.
Аба-ырайынын жаан-чачындуу болушуна байланыштуу Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда бүгүн ишембилик уюштурууга мүмкүн болгон жок.