05 апрель 2025
Кароолор: 10
НАРЫН ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА КЕЗЕКТЕГИ ИШЕМБИЛИК

Бүгүн, 2025-жылдын 5-апрелинде, Нарын облусунун аймагында кезектеги жалпы ишембилик өттү. Ар бир айылда, район борборлорунда, Нарын шаарында өткөн ишембиликке жергиликтүү тургундар, бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери мекемелердин айланасын, көчө боюн, парк, скверлерди жана арыктарды тазалоо иштерине активдүү катышты.
Аны менен катар жашылдандыруу көрктөндүрүү иштери дагы жүрүп жатат. КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жумушчулар менен биргеликте көчөт отургузууга катышты.
2025-жылы облустун аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө жалпы 314 миң бак-дарактарды, андан тышкары жашылдандыруу көчөттөрүн тигүү пландаштырылган.