31 август 2025
Кароолор: 9
НАРЫН ОБЛУСУНУН “АРДАКТУУ АТУУЛДАРЫН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 31-август күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков бир катар жарандарга Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.
Мындан сырткары “Турдакун Усубалиев” ардак төш белгиси, “Ормон Хан” төш белгиси, “Нарын даңкы” төш белгиси, “Корчубек Акназаров” төш белгиси жана облустун Ардак грамоталары да ээлерине тапшырылды.
Иш-чарада биринчи орун басар Руслан Сапарбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, сыйлык ээлеринин эл үчүн кылган эмгеги жаш муундарга үлгү экенин айтып: “Сиздердин тажрыйбаңыздар, адал эмгегиңиздер жана мекенчилдигиңиздер облустун өнүгүүсүнө өчпөс салым кошуп келет. Бүгүнкү сыйлыктар ошол аракеттердин бааланып жаткандыгынын бир далили”,- деп баса белгиледи.