26 май 2025

Кароолор: 15

НАРЫН ОБЛУСУНУН БААРДЫК 140 МЕКТЕБИНДЕ «АКЫРКЫ КОНГУРОО» САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 26-майында, Нарын облусундагы бардык 140 жалпы билим берүүчү мектептеринде 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыкталышына карата «Акыркы конгуроо» аземи өткөрүлдү.

Быйылкы окуу жылында жалпы 5696 окуучу 9-классты, ал эми 4128 окуучу 11-классты аяктап жатышат.

Салтанаттуу иш-чаралар бардык мектептерде коопсуздук эрежелерин сактоо менен уюштурулду. Окуучулардын жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан көзөмөл жүргүзүлүдө. Мектеп аймактарында коопсуздукту камсыздоо иштерин мектеп жетекчилиги тарабынан дагы көзөмөлдөнөт.  

Нарын облусунун билим берүү башкармалыгы бардык ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо тууралуу кайрылат. Балдардын коопсуздугу жана саламаттыгы — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз экенин эске салабыз.

«Акыркы коңгуроо» — ар бир окуучунун жашоосунда маанилүү учур. Бардык бүтүрүүчүлөргө алдыдагы экзамендерде ийгилик, келечек пландарында чечкиндүүлүк жана жаркын келечек каалайбыз!