03 июль 2025
Кароолор: 122
НАРЫН ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ НУРБЕК САТАРОВ “НАРЫН-РЕНОВАЦИЯ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА ОБЪЕКТТЕРДИ КЫДЫРЫП ЧЫКТЫ

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарынын өнүгүшүнө бөлүп берген каражаттар келип түшүп, курулчу объекттер боюнча иш кылуу жүрүүдө.
2025-жылдын 3-июлунда Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров «Нарын-реновация» долбоорунун алкагында Нарын шаарында курулчу ири социалдык объекттердин орду менен жеринде таанышып чыкты. Текшерүү учурунда жетекчи ар бир курулуштун техникалык жана функционалдык жагдайларына өзгөчө көңүл бурду.
Инновациялык-креативдүү демилгелер борбору (ЦИКИ) облустук китепкананын аймагында жайгашат, аянты 5892 м² түзүп, 467 млн сом сарпталат. Жетекчи имараттын фасаддык көрүнүшү, ички пландоосу жана архитектуралык шайкештиги боюнча сунуштарын берип, заманбап жана функционалдуу форматты камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Балдар үчүн оюн-зоок борбору С.Орозбаков көчөсүндө куруу пландалууда. Аянты: 648 м², каражаты 94 млн сом керектелет. Нурбек Сатаров балдар үчүн коопсуздук, инженердик тутумдардын ишенимдүүлүгү жана жөө жүрүүчү зонадагы жайлуулук боюнча талаптарды так сактоону тапшырды.
Учурда эскилиги жеткен мончону бузуу иштери жүрүп жатат. Анын ордуна “Городок” аймагында курулчу үч кабаттуу заманбап муниципалдык мончо боюнча жетекчи эмгек жана техникалык коопсуздукту сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурууну эскертип, атайын техникалык жабдуулар менен көмөк көрсөтүлөрү белгиленди. Жаңы мончонун аянты аянты 2304 м², сарпталчу каражаты 162 млн сом.
Бул объекттер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Облустук жетекчи Нурбек Сатаров иштердин сапатына жана өз убагында бүтүрүлүшүнө көзөмөл мындан ары да жергиликтүү бийлик тарабынан системалуу түрдө жүргүзүлөрүн билдирди.